Археологиялык эстеликтер

Википедия дан
Археологиялык эстелик (Кения).

Археологиялык эстеликтер - Адам баласынын турак-жайлары (алгачкы адамдардын турагы, алар жашаган үң-күрлөр, кийинки доорлордогу кыштакчалар, шаар чалдыбарлары), колдонгон буюмдары (эмгек ж- а согуш куралдары, кийим-кече калдыктары, ат жабдыктары, идиштер), өндүрүш ишмердигин чагылдырган жерлер (кол өнөрчүлүк, тоо-кен ишканалары), көркөм өнөрүн чагылдырган эстеликтер (кооздук буюмдары, аска-таш бетине, териге, металлга түшүрүлгөн сүрөт-оюулары), өлгөн адамдын сөөгү коюлган жерлер, маркум- га тургузулган эстеликтер (көрүстөндөр, күмбөздөр, балбалдар, кенотафтар, менгирлер), диний ырым- жырымдар аткарылуучу жерлер (храм, мазар, мечит), эпиграфикалык эстеликтер (ташка, жыгачка, металлга ж. б. түшүрүлгөн жазуулар) нумизматикалык табылгалар (тыйындар), атайын жерге көмүлгөн кенчтер ж. б. Алар археологиялык маданий катмарда сакталат. Кыргызстанда аталган А. э-дин бардык түрү кездешет.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]