Асмара

Википедия дан
Асмара
шаар
Асмара
Асмара панорамасы
Асмара панорамасы
Өлкө Эритрея
Elevation 25 026 ft (7 628 m)
Population (2003)
 • Total 400 000
Time zone GMT+3 (UTC+3)


Асмара - Эритрея мамлекетинин борбор шаары. Асмэра провинциясынын административдик борбору. Эфиопия тайпак тоосунун түндүгүндө, деңиз деңгээлинен 2300 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 563,0 миң (2005). Жолдор тоому. Темир ж-а автомобиль жолдору аркылуу Кызыл деңиз жээгиндеги Массауа порту м-н байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 13-14-к. ченде негизделген. Университет (1958-жылдан Италия бөлүмү, 1968-жылдан англ. бөлүмү), жалпы элдик китепкана, тамак-аш, текстиль, тигүү, полиграфия, курулуш материалдар өнөр жайы бар. Ири соода борбору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1