Астения

Википедия дан

Астения (гр. astheneia - дармансыздык, күчтөн таюу) - нерв-психикалык жабыркоо. Мында оорулуу бат чарчайт, ишке жөндөмү төмөндөйт, өтө жарыкты, ызы-чууну сүйбөйт. Ага нерв системасынын чарчоосу, психикалык жабыркоо, чала уктоо, санаркоо, күйүт тартуу, мээ чайкалуу, иштен чарчоо, аракечтик, маалы менен тамактанбай, эс албай жүрүү жана башка себеп болот. Бейтап өзүнчө, элден обочо болууну каалайт. Уйкусу жакшы болбой, коркунучтуу түш көрөт. Тамакка табити тартпай, ичи катат же өтөт; кара тер басып, жүрөгү тез кагат. Оорунун башталышында эмгек менен эс алууну туура айкалыштыруу, витаминдүү тамак ичүү, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, үйдө жана иште ыңгайлуу шарт түзүү керек. Гипноз, психотерапия, ийне сайып дарылоо жана сеп алдыруучу дарылар менен дарылайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1