Ат-Башы району

Википедия дан
Ат-башы району
Желек
Желек
Өлкө

Кыргызстан

Статусу

областык район

Областка карайт

Нарын облусу

Районго карайт

11 айыл өкмөтү, 19 айыл

Административдик борбор

Ат-башы

Калкы

55 771 адам[1]

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+6

Ат-Башы районуКыргызстандын Нарын облусунун түштүк бөлүгүндөгү административдик-аймактык бирдик. 1930-жылы. уюшулган. Түштүк жана түштүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, түндүгүнөн Нарын, түндүк-батышынан Ак-Талаа, батышынан Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондору менен чектешет. Аянты 19,1 миң км2. Калкы 55 771 киши (2021)[1]. Райондо 11 айыл өкмөтү, 19 кыштак бар. Борбору – Ат-Башы кыштагы[2].

Административдик бөлүнүш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райондо 11 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 19 айыл бар[3]:

Рельеф[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райондун аймагы Ички Теңир-Тоонун бийик тоолуу бөлүгүндө жайгашкан Ат-Башы өрөөнү, Аксай өрөөну, Арпа өрөөнү, Чатыр-Көл ойдуңу ж-а аларды чектеп жаткан Байбиче-Тоо, Кара-Тоо, Ала-Мышык, Нарын, Ат-Башы, Какшаал сыяктуу бийик кырка тоолор ээлейт. Өрөөндөрү 2000-3800 м бийиктикте жатат. Эң бийик жери - Какшаал тоо тизмегиндеги Данков чокусу (5982 м).

Кен байлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кен байлыктары: мрамор, чопо, мергель, туз, сымап ж-а калай. Ошондой эле курулуш материалдары, минералдуу суу булактары бар.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Климаты кескин континенттик. Июлдун орточо температурасы дыйканчылык өрөөндөрүндө 12-18°С, бийик тоолуу сырттарда (Аксай, Арпа өрөөндөрүндө) 10-15°С; кышы суук, январдын орточо температурасы -18... -29°С. Аксай өрөөнү - Орто Азиянын «суук уюлу» (абсолюттук минимум -53,6°С). Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 300-350 мм, тоолордо 400-450 мм. Кышы 5-8 айга созулуп, кар 20-30 см калыңдыкта түшөт.

Ат-Башы кырка тоосунда, Какшаал, Фергана тоо тизмектеринде, Арпа, Чатыр-Көл, Аксай өрөөндөрүндө (3000 м бийиктиктен жогору) түбөлүк тоң жатат.

Суулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ири суулары: Ат-Башы, Аксай, Кара-Коюн, Арпа ж. б. Райондун түштүк-батышында республикадагы ири көлдөрдүн бири – Чатыр-Көл жайгашкан. Ат-Башы (ири куймалары — Ача – Кайыңды, Баш – Кайыңды, Богошту, Үйүрмө, Кайнар, Балык-Суу, Жаңы-Жер, Улан, Узун-Булак, Каманды, Башача, Боронду), Кара-Коюн (куймалары - Чет-Келтебек Орто-Келтебек, Баш-Келтебек, Шырыкты, Кара-Суу).

Осүмдүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тоолордун нымдуу түндүк капталдарында токой (карагай, байтерек), бадал ж-а шалбаа өсүмдүктөрү, түштүк капталдары кургакчыл келип, көбүнчө бетеге, шыбак өсөт. Ат-Башы суусун бойлото тал, байтерек, чычырканак ж. б. бадалдар, тектирлерде бетеге, шыбак (2000–2300 м), адырларда чекенде өсүмдүктөрү (2100–2500 м) өсөт. Ат-Башы кырка тоосунун этегиндеги түрдүү чөптүү шалбаалуу талаа, бийиктеген сайын карагай токою (четин, карагат, шилби, сары жыгач аралаш), субальп, альп шалбаа (3500–4300 м) алкактарына өтөт. Өрөөндүн түндүк тарабына (Нарын кырка тоосунун түштүк капталы; 3400–3500 м) жарым чөл жана талаа ландшафттары мүнөздүү.

Калкынын иш аракети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын негизин кыргыздар (96,0%) түзөт, ошондой эле өзбек, уйгур, дунган, татар, казак ж. б. улут да бар. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 2,8 киши.

Райондо негизинен мал чарбасы өнүгүп, айыл чарбадан алынган продукциянын 60%тен ашыгын өндүрөт. Өрөөндөрүнүн бир аз гана бөлүгү дыйканчылыкта пайдаланылып (Ат-Башы өрөөнү), көбү жайыт (Кыргызстандын жалпы жайытынын 12%ке жакыны). 2004-ж. райондо 125,3 миң кой-эчки, 24,4 миң уй (а. и. сааны - 12,7 миң), 19.2 миң жылкы, 33,9 миң үй кушу болгон. Райондо чарбанын бардык тармактары б-ча 9,1 миң о эт (тирүүлөй салмактагы), 23,3 миң о сүт, 1050 миң даана жумуртка, 386 о жүн өндүрүлгөн.

Айыл чарбасына жарактуу жери 1081,1 миң га (2004), а. и. сугат жери 31,6 миң га, айдоо 30.2 миң га, чабынды 5,2 миң га, жайыт 1040,7 миң га. Жалпы эгин аянты 27,9 миң га, а. и. дан 7,9 миң га (буудай 3,0 ж-а арпа 4,9 миң га), картөшкө 1,6 миң га, жашылча 144 га, тоют өсүмдүктөрү 18,3 миң га жерге эгилген. Райондо 16.3 миң о дан (2004), а. и. 6,1 миң о буудай, 10.3 миң о арпа, 23,6 миң о картөшкө, 1,5 миң о жашылча жыйналган.

Өнөр жай ишканаларынан кыш заводу ж-а турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү кичи ишканалар, ун тартуучу чакан тегирмендер, нан бышыруучу, кийим тигүүчү майда ишканалар бар. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 9,7 млн сомду түзөт (2004). Райондун аймагы аркылуу Кыргызстанды Кытай м-н байланыштырган Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт, облустук маанидеги Нарын – Беш-Белчир – Чатыр-Таш автомобиль жолдору өтөт.

2001/02-окуу жылында 21 жалпы билим берүүчү мектеп, 2 мектепке чейинки балдар мекемелери, музыкалык ж-а спорт мектептери, 20 китепкана, маданият үйү, 10 клуб, кинотеатр иштеген. Райондук, 2 участкалык оорукана, 15 ФАП, санитария-эпидемиологиялык станция, 10 үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Маанилүү тарыхый эстеликтери: Таш-Рабат, Кошой-Коргон. Рекреациялык маанидеги Босого, Улан, Жаңы-Жер, Таш-Рабат, Беш-Белчир сыяктуу кооз жерлери бар. Райондук «Кошой Ордо» гезити чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1