Атеизм

Википедия дан

Атеизм (а... ж-а гр. theos - кудай, б.а. кудайсыз) - табияттан тышкары күчтөрдү, диний түшүнүктөрдү ж-а Кудайды танган көз караш. Атеисттик көз караштагы ой-пикирлер алгач байыркы доордо эле Кытай, Индияда, кийин грек полисинин расмий динин тануу иретинде атеизм түшүнүгү пайда болгон ж-а ошол учурдан тартып материалдык философия м-н тыгыз байланышта өнүккөн. Европада Ренессанс доорунда атеизм кайрадан күч алган. 17-18-кылымдын агартуучулары башкалардан айырмаланып, атеист болушкан эмес, ал турсун атеизмди сындашкан. Ошол эле учурда алар салттуу христиандык ишенимди да сынга алуу м-н атеисттик маанайдын жогорулашына шарт түзүшкөн.

19-кылымда Атеизмдин өзгөчө гүлдөп өскөн мезгили болгон. Бул учурда ал бир катар идеологиялардын, а. и. өзгөчө социализмдин ажырагыс бөлүгүнө айланып, немец ойчулу К. Маркстын окуусун улантуучулар тарабынан «илимий атеизмдин» теориясы иштелип чыккан. Октябрь Революциясынын жеңишинен кийин, 1917-жылдан тартып, алгач Советтик Россиянын чиркөөлөрүн, бара-бара жалпы эле СССРдин курамындагы республикалардын аймактарындагы бардык диний мекемелерди (мечит, медресе, тайынуу жайлары ж.б.) куугунтуктоонун теориялык базасына айланган. Батыш өлкөлөрүндө ошол мезгилде анчалык курч мүнөзгө ээ болбогон философиялык атеизм тараган. 20-кылымда атеизмдин ордуна бара-бара агностицизм бир кыйла кеңири тарай баштады. Агностиктер табияттан тышкары күчтөрдү танууга да, таанууга да негиз жок деп санашат. СССР ыдырап, анын курамындагы республикалар, а. и. КР да көз каранды эместикке жетишкенден кийин атеисттик көз караштар бир топ солгундап, диндик куугунтоолор токтотулган. Өлкөнүн баш мыйзамы - КРнын Конституциясында: ар адамга дин тутууга, расымдарга, диний ж-а атеисттик ишке эркиндик кепилденет. Ар бир адам ар кандай динди эркин тутууга же эч бир динди тутпай коюуга, диний же атеисттик ынанымдарды тандоого, аларга ээ болууга же таркатууга укуктуу (16-статья, 11-пункт) деп белгиленген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1