Аятолла

Википедия дан
Аятолла Хомейни

Аятолла (арапча - «Алланын аяты», «Алланын белгиси») - шииттерде дин башчыларына ыйгарылчу жогорку диний атак. Бул түшүнүк 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Мындай атакты алгандар көптөгөн өлкөлөрдүн шиит коомдорунда кездешет. Иранда 1979-жылы ислам революциясынын учурунда 30га жакын адамга ыйгарылган. Кийинчерээк Иран Ислам Республикасынын башчысы Хомейни Рухолла атакты берүүгө чек коюп, бул маселени өзү чечип калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1