Балыкчы (шаар)

Балыкчы шаары‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Балыкчы
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Ысык-Көл
Координаттар 42°28′ с. ш. 76°11′ в. д.HGЯO
Мэр Мамбетов Алмаз Ишенбекович
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү XIX кылым
Мурунку аталышы Рыбачье, Ысык-Көл
Аянты 33,57 км²
Климатынын түрү континенталдуу
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили кыргыз тили
Калкы 50,814 адам (2021-жыл)
Улуттук курамы кыргыздар — 84,5%
орустар — 11,0%
Диний курамы ислам, христиан, атеистер
Этнохороним Балыкчылык
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996 3944
Расмий сайты шилтеме  (орус.)
Балыкчы (шаар) (Кыргызстан)

БалыкчыКыргызстандын Ысык-Көл облусундагы шаар.

Ысык-Көлдүн батыш жээгин бойлой 12 км созулат. Деңиз деңгээлинен 1620-1640 м бийиктикте жайгашкан. Республиканын борбору Бишкек шаарынан 175 км чыгыш тарапта. Калкы 42,4 миң (2009).

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Климаты континенттик, кургак. Январдын орточо температурасы -4°С...-6°С, жайы ысык, июлдун орто температурасы 20°С. Жылдык жаан чачын өтө аз (115 мм түшүп, кышында кар жатпайт. «Улан» шамалы жылына орто эсеп менен 20-60 күндөй, айрым жылдары 40-100 күнгө чейин созулуп, ылдамдыгы 40 м/сек га жетет. Калкы көп улуттуу: кыргыз, орус, украин, казак, уйгур, татар, дуңган, өзбек ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ири ишканалары: «Ысык-Көл даназык», *Алтындан», «Каухар таш», «Ынтымак», «Калемгер», «Көк ойрок» акционердик коомдору. «Ак кеме» акционердик коому Кыргызстандагы суу транспорту үчүн кемелерди куруу жана оңдоо боюнча жалгыз ишкана. Шаар автомобиль, темиржол, суу жолдор тоому. Балыкчы аркылуу Бишкек Нарын Торугарт, Бишкек Каракол (Күнгөй жана Тескей аркылуу) мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдору өтөт. Луговой Бишкек Балыкчы темир жолунун аяккы пункту. Нефть базасы иштейт. Ал Ысык-Көл, Нарын облустарын күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылат. «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасын күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуучу жаңы нефть базасы курулган. Көл аркылуу оор жүк ташуу кыскарган. Негизинен көлгө зыян келтирбеген жүктөр ташылат. Шаарда ири кампа, базалар да иштейт. Балыкчы социалдык-экономика институту (менчик), тогуз орто, башталгыч, спорт, музыкалык мектептер, бала-бакча, үй бүлөлүк тарбиялык борбор, мектепке чейинки пилоттук мекеме, кесиптик-техникум окуу жайы, техникум, колледж, 13 китепкана, 6 клуб бар. Шаардык оорукана, үй-бүлөлүк медицина борбору, тиш поликлиникасы, санитария-эпидемиологиялык станция, 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1992 жылга чейин Рыбачье деп аталган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы (2009) — 42,4 миң.