Балыкчылык

Википедия дан

Балыкчылык - адамзаттын чарбалык ишмердүүлүгүнүн эң байыркы формаларынын бири. Балыкчылык менен адам баласы жогорку палеолиттен тартып кесиптене баштаган. Көпчүлүк учурда балыкчылык тиричиликтин негизги булагы болуп калган элдер кездешет. Буга деңиз, дарыя жээгине жакын жашаган элдерди мисал келтирүүгө болот. Айрым учурларда бул кесип жыйноочулук, аңчылык, дыйканчылык менен айкалышта жүргүзүлгөн. Мал чарбачылыкты кесиптенген уруулар, элдер үчүн балыкчылык мааниге ээ болгон эмес. Экономиканын, чарбалык мамилелердин өнүгүшү менен балыкчылык жөнөкөй кесиптен өнөр жайлык мүнөзгө өткөн. Байыркы кыргыздар жашаган аймакта «алабуга» аттуу балык болору, аны жегенге жарамдуулугун чыгыш тарыхый булактары чагылдырат. Арийне, энесай кыргыздары балыкты «суу хурты» («суу курту») деп аташып, жегенден жийиркенишкен. Ичүүгө жарамдуу суунун балык жыттанып калбасы үчүн тосушуп, тоолордун кырлары аркылуу өткөн атайын арыктарды чыгарышкан. Бул арыктар Хакас-Минусин ойдуңунда азыркы учурларда да кездешет. Кыргыздардын кошуна жашаган башка элдерден айырмаланып, балыкты тамак катары колдонбошу, бул элдин теги талаа көчмөндөрү экендигин айгинелейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]