Басма иши

Википедия дан

Басма иши - китеп, гезит, журнал, альманах, альбом, нота, жылбаян, буклет ж. б. басууга даярдоочу, басып чыгаруучу жана аларды керектөөчүлөргө жеткирүүнү уюштуруучу маданий-өндүрүштүк тармак. Чыгарган продукциясынын түрүнө карата китеп, гезит-журнал ж.б. басуу жана тандап алган багытына жараша илимий, окуу педогогика куралдарды, көркөм адабият, анын ичинде балдар адабияты, маалыматтама басылма басуу болуп бөлүнөт. Кол жазма түрүндөгү алгачкы басылмалар үчүн жыгачтын кабыгы, терпенин бети пайдаланылган, кийинчерээк кагазга көчүрүлүп түшүрүлгөн. Китеп өнөрү менен алектенген (көчүрмөчү, сүрөтчү, калыптоочу, нускоочу) адистер топтошуп, басма уюмун түзө баштаган. Жыгачтан оюлган калып менен китепти көбөйтүп басуу жумуштары 8—9-кылымда Кытайда ишке ашырылып, «Жакут сутра» аттуу алгачкы китеп басылган. 14-кылымда куйма ариптерди пайдаланган басмаканалар пайда болгон. Ал эми Европада басма иши 15-кылымда башталган. Байыркы Египеттин (б. з. ч. 25-кылым) папирус түргөктөрү китеп чыгаруунун алгачкы жана жөнөкөй үлгүсү болгон. Ал жазуу үчүн материал катары б. з. ч. 5-кылымда Грекияга, кийин Римге өткөн. Биринчи эң жөнөкөй басма иши 9-кылымда калыптанып, ал тамгаларды жыгач тактайга оюлуп жасалган калыптардан кагазга көчүрүп түшүрүү жолу менен башталган. Кийин чопо, коло ж. б. металлдардын аралашмасынан даярдалган куйма ариптер пайда болгон. Европадагы эң алгачкы басма ишине немис ойлоп табуучусу Иоганн Гутенберг негиз салган. Ал 1445-ж. жыгачтан жөнөкөй басма станогун жасап, андан саатына 100 тамга терүү менен, 42 саптан турган эң биринчи китеп латын библиясын басып чыгаруу менен, полиграфия өндүрүшүнө жол ачкан. Россияда биринчи басмакана 1564-ж. ачылган. Аны туңгуч орус китеп чыгаруучулары Иван Фёдоров менен Пётр Мстиславец башкарып, алгачкы орус китеби «Апостолду» басып чыгарган. 16-17-кылымда Франция, Германия, Венеция, Нидерланд ж. б. Европа өлкөлөрүндө көптөгөн жеке менчик басмалар иштей баштаган. 18-19-кылымда басма менен басмакана иши биригип, китеп чыгаруу ыкчам өсүп, тамга жана сап куюучу терүү машиналары, тез басуучу басма аспаптары, фотоцинкография, фототерүү ж. б. ыкмалар ойлонуп табылган. Полиграфиялык машина куруу заводдору, ондогон жаңы басмаканалар ишке киргизилип, илим изилдөө жана полиграфиялык окуу жайлары ачылган. Кыргыз тилиндеги эң алгачкы басылган тексттер 19-кылымдын экинчи жарымында пайда болгон, 1861-ж. «Манас» эпосунун айрым бөлүмдөрү В. Радлов, Ч. Валиханов, Д. Алмаши тарабынан китеп тексти катары өзүнчө басып чыгарылган. И. Арабаевдин демилгеси менен Молдо Кылычтын «Кысса Зилзаласы» (1911) Казан шаарындагы басмаканадан жарык көргөн. 1885-ж. Лейпцигден басылган В. Радловдун «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» китебинде бир нече кошоктордун кыргызча тексттери берилген. И. Арабаев менен X. Сарсекеевдпн кыргыз, казак балдары үчүн «Алип-бежаки төтө окуу» аттуу туңгуч окуу китеби (1911, Уфа), И. Арабаевдин «Жазуу өрнөктөрү»: сулуу жазуунун үлгүлөрү (1912, Оренбург), О. Сыдыковдун кыргыздын санжыра-тарыхы жөнүндөгү «Муктасар тарых Кыргызия» (1913), «Тарых кыргыз Шадмания» (1914, Уфа) китептери жарык көргөн. Бул басылмалар кыргыз китеп басуу ишиндеги алгачкы кадамдар катары бааланат. 1924-ж. туңгуч кыргыз алфавити түзүлүп, Түркстан эл агартуу комиссариатынын Кара кыргыз илим комиссиясынын чечими менен И. Арабаевдин «Алиппе», К. Тыныстановдун 1-баскычтагы класстар үчүн «Окуу китеби» Ташкенден басылып чыккан. Булар кыргыз элинин сабатсыздыгын жоюу максатында Совет доорунда жарык көргөн алгачкы окуу китептери катары тарыхка кирди жана китеп басып чыгаруу ишинин алгачкы тажрыйбасы катары бааланат. 1925-ж. Тоголок Молдонун «Насыят», К. Тыныстановдун «Касым ырларынын жыйнагы», Молдо Кылычтын «Буудайык», Боогачынын «Секетбай» ж. б. чыгармалары Москвадан жарык көргөн. Ушул эле жылы Россиядагы 1-революциянын 20 жылдыгына карата партиянын Кыргыз облустук комитетинин атайын тапшыруусу менен К. Тыныстанов тарабынан кыргызчаланган «Өзгөрүш ырлары» аттуу ырлар жыйнагы басылган жана ал кыргыз жазма адабият тарыхындагы 1-котормо басылма катары бааланат. К. Баялинов менен 3. Лилинанын «Ленин биздин окутуучубуз» аттуу жана Пишпектин басмаканасынан 8 китеп жарык көргөн. Москва, Ташкен, Пишпек шаарларынан чыгарылган китептердин саны 30га жетип, алардын жалпы нускасы 100 миң ди түзгөн. Бул Кыргызстандагы басма ишинин уюштурууга ишенимдүү негиз түзүп, 1926-ж. 24-январда Кыргыз мамлекеттик басма башкармалыгынын 1-жыйынында «Кыргызмамбас» негизделген. Алгачкы жылы 26 наамдагы китеп чыгарылып, жалпы нускасы 65 миң 700 болгон. 1925-26-ж. негизинен көркөм адабият, окуу куралдары, саясый жана таалим-тарбиялык маанидеги басылмалар жарык көргөн . Бул чыгармалар элдин кат-сабатын ачууда, билим жана таалим-тарбия берүүдө, агартуу иштерин жүргүзүүдө баа жеткис акыл азыгы катары кызмат өтөгөн. Мындай басылмаларды чыгарууда Москванын китеп басмалары да маанилүү роль ойногон. 1926-ж. февралда Москвада СССР элдеринин борбор басмасында кыргыз бөлүмү түзүлүп, ал узак жылдар бою кыргыз китептерин чыгарып турган жана анда К. Баялинов, У. Абдукаимов, 3. Бектенов, А. Токомбаев өңдүү белгилүү адамдар эмгектенишкен. Кыргыз акындарынын Т. Жолдошев түзгөн «Кызыл гүл» аттуу ырлар жыйнагы 1927-ж. Москвадан 2 миң нускада жарык көргөн. Аталган жыйнакка С. Карачев, О. Ысабеков, Ш. Көкөнов, Б. Кененсарпев, Б. Калпаков, К. Баялинов, А. Токомбаев ж. б. таланттуу акындардын ырлары кирген. Ал эми Кыргызстандын өзүндө 1927-28-ж. К. Тыныстановдун «Окуу-жазуу бил», «Эне тили», К. Карасаевдин «Сабат ачкыч» жана И. Арабаев менен бирдикте чоңдор үчүн «Жаңылык» деген окуу китептери, А. Токомбаевдин «Ленин тууралуу» ырлар жыйнагы, К. Баялиновдун «Түлкү менен суур», «Чабалекей менен жылан» сыяктуу балдарга арналып жазылган китептери жаңы латын ариби менен басып чыгарылган. 1928-30-ж. китеп чыгаруу ишинин техникалык өндүрүштүк негизи кеңейип, басылмаларды сапаттуу чыгаруу иши жолго коюлган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармалары чет тилдерде да жарык көрө баштаган. Мисалы К. Баялиновдун «Ажар» повести француз, англис жана немис тилдеринде жарык көргөн. 1934-ж. гезит-журнал басууга адистешкен «Кызыл Кыргызстан» басмасы түзүлүп, кийин ал «Ала-Тоо» (1964) басмасына айланган. Анда 1972-ж. чейин Кыргызстанда даярдалган бардык гезит-журналдар, кийин адабият жана агартуу тармагын камтыган «Ала-Тоо», «Литературный Кыргызстан», «Ден соолук» журналдары, «Кыргызстан маданияты» жумалыгы, «Мугалимдер газетасы» сыяктуу гезит-журналдар басылып турган. «Кыргызмамбастан» адистешкен басмалар өсүп чыга баштайт, б. а. «Кыргызмамбастын» мектептер үчүн окуу китептерин, окуу куралдарын басмага даярдоочу бөлүмүнүн негизинде «Мектеп» басмасы түзүлгөн (1953). Ал мектептер жана мектепке чейинки мекемелер, орто жана жогорку окуу жайлары үчүн окуу китептерин, педагогдор үчүн методикалык басылмаларды, балдар жана өспүрүмдөр үчүн таалим тарбиялык мүнөздөгү көркөм адабият жана котормо китептерди чыгарып турган. Басып чыгарууга республикадагы тажрыйбалуу методисттер, мыкты мугалимдер, жогорку окуу жайынын окутуучулары, илим жана басма кызматкерлери, сүрөтчүлөр катышып, окурмандардын татыктуу билим алуусуна салым кошушкан. 1964-ж. «Кыргызмамбас» саясий, социалдык-экономика, өндүрүштүк-техникум, илимий-популярдуу жана көркөм адабияттарды чыгарууга адистештирилген «Кыргызстан» басмасы болуп кайра түзүлгөн. Республикадагы илимий басылмаларды чыгарууну жакшыртуу максатында адистештирилген «Илим» басмасы негизделип (1955), анда Кыргызстандагы илимдин бардык багыттары боюнча Кыргыз ССР ИАнын институттарынын илимий кеңештери тарабынан басууга сунуш кылынган китептер жарыкка чыгып турган. 1968-ж. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы түзүлгөн.1976-82-ж. кыргыз тарыхында 1-жолку улуттук-унпверсал «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын» 6 томдугу (алфавиттик негизде), орус жана кыргыз тилдеринде «Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы» аттуу илим жалпылоо мүнөздөгү энциклопедиянын атайын бир томдугу жарык көргөн. 4 томдон турган «Советтик энциклопедиялык сөздүк», X. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгү» жана бир катар предметтер боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүктөрү басылган. Эгемендикке ээ болгондон кийин «Манас» энциклопедиясынын эки томдугу (1995), «Кыргызча-орусча сөздүк», «Физика», «Химия», «Математика», «Айыл чарба» сыяктуу тармактык энциклопедиялар, Кыргызстандын облустарына жана Фрунзе шаарына арналган «Ош», «Ысык-Көл», «Чүй», «Талас», «Нарын», «Фрунзе» региондук энциклопедиялары чыгарылган. 1999-ж. 12-февралда Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын функциясын кеңейтүү жана статусун көтөрүү, ошону менен бирге кыргыз тилин өнүктүрүүнүн практикалык зарыл маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору болуп кайрадан түзүлүп, мамлекеттик тилге түздөн-түз тиешелүү окуу куралдары, «Кыргыз темир жолу», «Кыргыз милициясы», «Жалал-Абад» сыяктуу тармактык, региондук энциклопедиялар, кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктөр, илим тармактары боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүктөрү, «Кыргызстан» аттуу энциклопедиянын обзордук тому эки тилде (кыргыз, орусча) басылып чыккан. Кыргызстандын басма ишинин өнүгүшүндө ММКларынын, б. а. гезит-журналдардын чыгып туруусу да маанплүү болгон. Райондук, облустук, республикалык гезиттер чыгарылып, басмаканалары иштеген. 1983-ж. Кыргызстанда 11 журнал, 69 гезит чыгып турган. 1989-ж. жалпы саны 114кө жеткен. 1988-ж. «Кыргызстан», «Мектеп» басмаларынын базасында адабий көркөм чыгармаларды, искусство, адабият таануу жана сын багытындагы китептерди чыгаруучу «Адабият» басмасы уюшулган. Анда кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары, элдик оозеки адабияттын үлгүлөрү, чыгармачыл жаштардын туңгуч жыйнактары, альманахтар басылып турган. Бул басмалар кыргыз басма ишин өнүктүрүүгө зор салым кошушкан. Рынок экономикасына өтүү менен полиграфия өнөр жайынын түзүмүнүн өзгөрүшү басмалар менен басмаканалар уюмдашып, акционердик коомдордун, ошондой эле жеке менчик басма жана басмаканалардын пайда болушун шарттады.«Кыргызполиграфкомбинат» АК китеп чыгарса, «Учкун», «Эркин тоо» сыяктуу АКтар гезит-журналдар менен катар китеп чыгаруу ишин да колго алышты. Учурда өз алдынча китеп, гезит-журнал, нота жана жарнама басылмаларын, буклет, плакат, конверт, календарь ж. б. басма продукцияларын чыгаруучу, өндүрүштүк кубаттуулугу чектелген жогорку технологиядагы полиграфиялык чакан ишканалар иштеп жатат. Д. Андашев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4