Башкалардын жашоосу

Википедия дан
The Lives of Others
Жанры

drama film, thriller film и political thriller film

Режиссёру

Florian Henckel von Donnersmarck

Продюсери

Quirin Berg,
Max Wiedemann,
Florian Henckel von Donnersmarck

Сценарийдин
автору

Florian Henckel von Donnersmarck

Оператору

Хаген Богданский

Композитору

Gabriel Yared,
Stéphane Moucha

Кинокомпания

Wiedemann & Berg Television, Bayerischer Rundfunk, ARTE и Creado Film

Узактыгы

137 мүн.[1]

Бюджети

$2 млн[2]

Кирешеси

$77.3 млн[2]

Өлкө

Германия

Тили

Немис

Жылы
  • 23 март 2006 (2006-03-23)
IMDb

ID 0405094

"Башкалардын жашоосу" (нем.  Das Leben der Anderen ) ― 2006-жылы Флориан Хенкел вон Доннерсмарк тарткан немис драмасы. Тасма Германиянын жашыруун полициясы Штазинин Чыгыш Берлин тургундарын көзөмөлдөгөнүн баяндайт. Тасмага тартылгандар: Улрих Мүэ (тасма жарыкка чыккандан бир жыл өтпөй көз жумган) (Штаси капитаны Герд Вислер), Улрих Тукур (подполковник Антон Грубиц), Себастян Кох (драматург Георг Драйман) жана Мартина Гедек (белгилүү актриса Криста-Мария Зиланд).

Тасма 2006-жылы 23-мартта Германияда жарык көргөн. Ошол эле мезгилде тасманын сценарийин "Suhrkamp Verlag" басмаканасы басып чыгарган. Тасма 2006-жылы Оскардын "Эң мыкты чет тилдеги тасма" сыйлыгын утуп алган. Андан мурун тасма "Deutscher Filmpreis" аземинин "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер", "Эң мыкты сценарий", "Эң мыкты актер" жана "Эң мыкты экинчи пландагы актер" сыяктуу 7 сыйлыгын уткан жана рекорд коюу менен 11 наамына талапкерлиги көргөзүлгөн. Тасма "Алтын Глобустан" да "Эң мыкты чет тилдеги тасма" сыйлыгын уткан. "Башкалардын жашоосу" $2 млн бюджети менен 2007-жылы ноябрда дүйнөлүк аренадан $77 млн киреше тапкан.

Мурунку Чыгыш Германиянын тургундары 16 жыл мурун Батыш Германия менен бириккен мамлекеттин чыныгы окуясы абдан так жана туура чагылдырылганына таң калышкан. Режиссер Берлин дубалы ураган кезде 16 жашта болгонуна карабастан тасма абдан ынанымдуу деп кабыл алынган.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. DAS LEBEN DER ANDEREN - THE LIVES OF OTHERS. British Board of Film Classification (27 -ноябрь (жетинин айы) 2006). Текшерилген күнү 24 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
  2. 2.0 2.1 The Lives of Others (2007). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 7 -июль (теке) 2011.