Баян

Википедия дан

Баян - (байыркы атактуу орус ырчы-жамакчысы Баяндын Бояндын атынан) клавишалуу-пневматикалык музыкалык аспап. Алгачкы хроматикалык гармонь Баян 1870-ж. тулалык Н. Белобородов тарабынан жасалган. Баян деген азыркы мезгилдеги түшүнүктү уста П. Е. Стерлигов жана кыякчы Я. Ф. Орланский-Титаренко (1907) киргизген. Өркүндөтүлгөн төрт катарлуу хроматикалык гармониканын оң жагында 52 топчу, сол жагында 5 катар топчу (ар биринде 20дан) бар. 20-кдын башында Россияда В. П. Хегстрем, Н. 3. Синицкий да Баян жасоонун чеберлери болгон. Баян эң кеңири тараган орус эл аспабы. Жеке да, ансамблде да ойнолот, ошондой эле ырды коштойт. Азыркы мезгилде көп сандаган баянчылар ансамблдери бар. Кыргызстандын бир катар музыкалык окуу жайларында Баян сабагы өтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4