Белек

Википедия дан

(Белек-бечкек, сувенир)
«Дагы берген белек» деп, Зумурут көздүү бир шакек» (Сарынжы-Бөкөй).

Бирөөдөн бирөөгө арналган сыйлык, эстелик катары сакталуучу буюм. Ал жалаң гана башкалардын сунган белеги менен эле чектелбейт. Кызыктуу кишилерге жолугушуусу, спорттук мелдештер, декада, көргөзмө, фестиваль, кароо-сынак өңдүү купулга толгон көпчүлүк орундарында катышкандыгы жөнүндө эскерип жүрүүгө өзүнө-өзү белек, эстелик катары алган чактары да болот. Белек-бечкектерди чырмак, сайма, оймо аркылуу кармоо азыр укмуштай өнүгүүдө. Алар көбүнчө өнөр жайдык негизде чыгарылууга мүмкүнчүлүк алууда.

Булардын жердиги адими чийден да, кийизден да, кездемеден да, таардан да, териден да болуп, өнөр жай өндүрүшүнөн жана чеберлердин буюмдарынан түшкөн калдыктарынан да тандалууда. Ооба, буга биринчи ирээт элдик саймачылык, оймочулук, чырмакчылык, түймөчүлүк өнөрү чоң себепкер болууда. Аларга: «баштык», «календарь илгич», «телевизор жапкыч», «туштук» өңдүүлөр менен кошо үйдүн ичине көркөмдүктү өзүндөй ыроолоочу чакан жасалга — утилитардык буюмдары да кошулат. Элдик белек-буюмдарынын көпчүлүгү түймө өнөрү аркылуу кошумча кооздолот жана көркөм оюм-көчөткө жуп катары милдет аткарат.

Алар бүгүнкү күндө актуалдуу болуп саналат эмне Римдиктер ар башка буюмдарды, сүрөттөлөт. Ошентип, Рим элинин жашоосунда ал кудайларга, адатта, акыркы элеси, бири-бирине жасалгалар ар кандай адамдардын +, белек берип, салт болуп калган, ал жакшы белек болуп эсептелет эмне.[1]

Майрамга сунушталган кымбат баалуу буюмдар донор өзүнүн сүйүктүүсүн буркут кылып, ал бардык ушул тыбырларды жана бриллианттарды кийүүгө татыктуу экенине, көңүл бурууга татыктуу, сулуу аял экенине ишарат кылат.[2]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Баян белектер: алардын кайдан келгенин?. Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 27 -март (жалган куран) 2022.
  2. Чындыгында эле кымбат белектер.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)