Бериллий

Википедия дан
Бериллий.

Бериллий (лат. Berillium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIА группа элементи; к.н. 4; ат. м. 9,0122. Бериллий күмүшкө окшош боз түстөгү, белгилүү катуулуктагы, өтө майда бөлүккө майдаланып кете турган металл. Туруктуу 1 изотобу бар 9Be, жасалма изотоптор ичинен радиоактивдүү индикатор катарында колдонулуучу 7Be (Т1/2 = 53 күн) өтө маанилүү. Бериллий 1798-ж. Л.Воклен тарабынан берилл минералы курамынан ачылган. Металл түрүндөгү бериллий 1-жолу 1828-ж. Ф.Велер жана А.Бусси бир убакта бериллий хлоридин металл түрүндөгү калий менен калыбына келтирип алышкан. Бериллий сейрек учуроочу элемент. Ал 1285°С эрип, 2790°С кайнайт; металлдардын ичинен жылуулук сыйымдуулугу жана өткөргүчтүгү жогору, электр каршылыгы төмөн, морт металл. Химиялык бирикмелеринде II валенттүү, химия жактан абдан активдүү, бирок ,ериллий оксидинин (BeO) жука кабыгы менен капталган абалда туруктуу. М. б-ча жер кыртышында 6×10-4%, океан, деңиз сууларында 6×10-7 мг/л өлчөмдө кездешет. Бериллийди кошо кармаган 54 минералы белгилүү. Алардын ичинен Be3Al2(SiO2)6 – берилл; Be2SiO4 – фенакит көп учурайт. Плавик, туз, күкүрт кислоталары суюлтулган эритмелеринде эрийт. Концентрацияланган суюлтулган азот кислотасында жогорку температурада аракеттенет. Щелочтор менен реакцияга кирет, ошондуктан амфотердүү мүнөзгө ээ:

2 KOH + Be → K2BeO2 + H

Суутек менен түздөн туз кошулбайт. Жогорку температурада бериллий көпчүлүк металлдар менен кошулуп бериллиддер, азот менен нитрид – Be3N2, көмүртек менен карбид – Be2C пайда кылат. Бериллий берилл минералынан алынат. Бериллий фторидин магний менен калыбына келтирүү же бериллий хлориди менен натрий хлориди аралашмасын электролиздөө аркылуу алынат:

Na2BeF4 + 2Mg = Be + 2Na + 2MgF2

Бериллий ар түрдүү куймаларды алууда, атом реакторлорунда, авиацияда, ракета жана космос техникасында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]