Бернштейн Эдуард

Википедия дан

Бернштейн Эдуард (6. 1. 1850-18. . 1932) - немис социал-демократтар партиясы менен -Интернационалдын оппортун. тарабынын лидери, ревизионизмдин идеологу.

1872-ж. социал-демократтарга кошулган. Ал Е. Дюрингдин жолуна түшүп, лассалчылар менен идеялык компромиссте болууну жактаган. 70-жылдардын аягында К. ХЕхбергге, К. Шраммга кошулуп революциячыл күрөштөн баш тартууга, Бисмарктын режими менен келишүүгө чакырган. К. Маркс менен Ф. Энгельс сынга алгандан кийин оппортун. позициядан убактылуу четтей баштаган. Бирок 90-жылдардын ортосунда марксизмден биротоло кол үзүп, Маркстын илиминин негиздери эскирди деп, аны ревизиялоону сунуш кылган. К. Маркстын жумушчу табы, Социалисттик революция, пролетариат диктатурасы жөнүндөгү теориясына каршы чыгып, буржуазиянын идеологиясын жактаган.

Бернштейндин идеяларын В. И. Ленин, Ф. Меринг, Р. Люксембург, П. Ла-фарг катуу сынга алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.