Бертольт Брехт

Википедия дан
Бертольт Брехт
Туулгандагы ысымы:

Eugen Berthold Friedrich Brecht

Туулган жери:

Аугсбург, Герман империясы

Жарандыгы:

Германия империясы
Веймар Республикасы
Германия Демократиялык Республикасы

Ишмердүүлүгү:

прозаик, акын, драматург

Багыты:

Эпостук театр

Жанр:

поэзия, проза, драматургия

Сыйлыктары:

«Драма Деск» (1970, өлгөн соң)

Кол тамгасы:

Кол тамгасы

Брехт Бертольт (10. 2. 1898, Аугсбург – 14. 8. 1956, Берлин) – немис жазуучусу,драматург театралдык режиссёр, коомдук ишмер. Мюнхен университетинин медицина факультетинде окуган. Ал «Курман болгон солдат жөнүндө легенда» (1918) аттуу согушка каршы жазылган сатиралык балладасы менен элге кеңири таанылган. Экспрессионизмге полемика катары жазган «Ваал» (1918), «Шаар уюктарында» (1924) пьесаларын жарыялаган. Анын көзкарашындагы коомдук, филос., саясий өзгөрүштөр «Ал солдат менен бул солдатта эмне айырма» (1927) пьесасы менен «Махагони» музыкалык комедиясында ачык көрүнөт. Фашисттер өкмөт башына келгенден кийин (1933) ал Германиядан кетип, эмпграцияда жүргөн жылдары «Сезуандык мээримдүү киши» (1938–40), «Кураж эне жана анын балдары» (1939), «Галилейдин турмушу» (1938–39) жана «Швейк экинчи дүйнөлүк согушта» (1944) аттуу жана башка жаңычыл чыгармаларын жазган. Эмиграциядан келип, 1949-ж. атактуу «Берлин ансамбли» театрын уюштурган. ГДРдин 1-даражадагы улуттук сыйлыгынын (1951), Элдердин ортосундагы тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн Эл аралык Лениндик сыйлыгынын лауреаты (1954) болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]