Биосинтез

Википедия дан

Биосинтез (био... жана синтез) — ферменттердин таасири менен организмде жөнөкөй органикалык заттардын пайда болуу процесси, зат алмашуунун бир бөлүгү. Бул процесс клеткаларда ферменттердин, аденозинтрифосфор, нуклеин кислаталарынын (белок синтези), биол. активдүү заттардын, микроэлементтердин, күн энергиясынын жана башкалардын катышуусу менен чөйрөнүн белгилүү бир шартында өтөт. Биосинтез организмде амин кислотасы, углевод, май жана башка органикалык заттарды пайда кылат. Клеткада болуучу биосинтездин мүнөзү ген. аппаратта коддолгон, тукум куума маалыматтар аркылуу аныкталат. Микроорганизмдерде болуучу биосинтез витаминдерди, кээ бир гормондорду, антибиотиктерди, амин кислоталарын, ошондой эле тоют белокторун алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]