Биринчи кан

Википедия дан

Биринчи кан (англ. First Blood) - 1982-жылы тартылган америкалык экшн тасмасы, режиссеру - Тед Котчеф. Тасма Сильвестр Сталлоне (Жон Рембо) менен биргеликте тартылган. Тасма Вьетнам ветеранынын өз комбатына жана өзү жашаган шаардагы мыйзамдарга каршы болгон күрөшү тууралуу баяндайт. Тасма Девид Моррелдин 1972-жылдагы романынын негизинде тартылган жана Рембо серияларынын алгачкысы болуп эсептелет.Башка каармандарды Брайан Деннехи жана Ричард Кренна ойношот.

Тасма Америкада биринчи жолу 1982-жылы 22-Октябрда коюлган. Тасма тууралуу пикирлердин ар түрдүүлүгүнө карабай, тасма 47.2 миллион киреше алып келген. "Биринчи кан"- Сталлоне, Деннехи, Креннанын ролдору учун жана экшн жанрындагы таасирлүү тасма катары мактоолорго татыган. Фильм- культ тасма катары да белгилуу болгон. Тасманын ийгилиги өзүнүн уландылары: мультфильм серияларын, комик китепчелерди, повесттерди жана Боливуд римейкин жаратууга түрткү болгон, баары Сталлонне менен биргеликте жазылган жана тартылган. Бешинчи тасма, "Рембо: Соңку каршылык" деп аталган, бирок Сталлоне 2016-жылдын январында башкы каармандык үчүн жашы тоскоол болоорун белгилеп, тасма тартуу иштери токтотулган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]