Бразилия платформасы

Википедия дан
Бразилия платформасы.

Бразилия платформасы, Түштүк Америка платформасы –Түштүк Америка материгинин басымдуу бөлүгүн ээлеп жаткан байыркы платформа. Ал батышынан Анд тоолору, чыгышынан Атлантика окаены менен чектелет. Бразилия платформасы бир нече калкан (Гвиана, Борбордук Бразилия, Чыгыш Бразилия), синеклиза (Амазон, Парана, Чубут, Санта-Крус жана башка) жана антеклизадан (Түндүк жана Түштүк Бразилия) турат. Калкандар кембрийге чейинки мезгилдин гнейс, амфиболит, сланец, мрамор жана кварциттеринен, синеклизалар палеозой, мезозой, кайнозой замандарында пайда болгон континенттик чөкмө тектерден түзүлгөн. Платформанын фундаментинен полиметалл, калай, вольфрам, сурьма, алтын, темир жана башка кендер, чөкмө тектердин арасынан нефть, таш көмүр, таш туз жана башкалар табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]