Братск суу сактагычы

Википедия дан
Братск суу сактагычы (2007).

Братск суу сактагычы - Ангара дарыяда курулган Братск ГЭСинин плотинасынын курулушунан пайда болгон суу сактагыч.

Россиянын Иркутск облусунда. Суу 1961-ж. толтурула баштап, долбоордун чегине 1967-ж. жетти. Аянты 5470 км2, көлөмү 169, 3 км3, орточо тереңдиги 31 м. Суу сактагыч электр энергиясын өндүрүү менен катар суу транспортуна, карагай агызууда, балык чарбачылыгында, өнөр жай жана коммуналдык керектөөлөрүн суу менен камсыз кылууга пайдаланылат. Суу сактагычтын жээгинде Братск, Свирск, Усолье-Си-бирск шаарлары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.