Бриз

Википедия дан

Бриз (французча brise – сыдырым жел) – деңиз, чоң көл жана айрым ири дарыя жээктеринде мезгил-мезгили менен жүрүп туруучу жергиликтүү сыдырым жел. Бриз багытын суткасына эки жолу өзгөртөт. Күндүз деңизден кургактыкка, түнкүсүн кургактыктан деңизге карай согот. Себеби күндүз кургактык деңизге караганда бат жылып, андагы жылыган абаны деңиздеги муздак аба сүрө баштайт. Түнкүсүн тескерисинче, жер бат сууп, деңиз жай муздайт. Б. жээк эки тарапка тең 10–50 км аралыкка жана бир нече жүз метр Бийиктикке чейин жетет. Ылдамдыгы 1–5 м/сек; айрым учурда андан да ылдам болот. Ошондуктан Бриз. көбүнчө жалпы атмосфералык циркуляциясы менен коштолот. Тропик алкактарында тез-тез болуп турат. Ортонку кеңдиктерде туруктуу антициклондук аба ырайы үстөмдүк кылган жерлерде байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]