Буриштер

Википедия дан

Бури́штер (бурушаски, хунза) — эл Кашмирдин (Пакистан бөлүгүндө) түндүгүндө бийик тоолу (Гилгит, Хунза, Нагар) жерде жашайт.
Саны 87 миң (2000).

Буриштер

буриш улутундагы кыз-келиндер
Расмий аталышы

Буриштер

Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 87 049 (2000ж.)
 Пакистан

Тили

Бурушаски

Дини

Ислам (шиизм)

Келип чыгышы

синокавказдыктар

Тили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тили — бурушаски. Бурушаски өзгөчө обочолонгон (изоляцияланган) тил.
Башка элдер менен байланышта урду жана дард тилдерин колдонушат. Урду тилин көбүнчө аялдар колдонушат.

Теги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буриштер Кашмирдин байыркы автохтондук калкы. Алар келгин индиевропалыктар менен аралашпай өзүн тилин жана маданиятын сактап калышкан.
С. А. Старостиндин (белгилүү орусия лингвисти) гипотезасы боюнча буриштер синокавказдыктардын тукумдары.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишенгендер Ислам дининин шиит багытын тутушат. Көбүнчө шиит багытынын ичиндеги исмаилдик жана иснаашарит секталардын избасарлары. Ошондой эле, байыркы бутпарас элементери да сакталууда.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Материалдык маданияты боюнча калаштарга жана памирдик элдирине жакын.

Чарба[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Террасалык дыйканчылык өнүккөн. Татаал сугат системасы колдонулат. Жашылчалар, жемиштер (өрүк, жүзүм) өстүрүлөт. Ири мүйүздүү мал сүт үчүн кармалат.

Тамактануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашылчаларды чийки бойдон жешет. Өрүктү көп жешет. Кышында кургатылганын өрүк жешет жана өрүктөн жасалган компотторду ичишет. Сүттөн жасалган азыктарга (эжиге, каймак ж.б.) да көңүл бурушат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]