Бухгалтерия

Википедия дан
Бухгалтерия (1914).

Бухгалтерия (нем. Buchhalter-бухгалтер, Buch-китеп жана halten-кармоо) - 1) эсеп-кысап жүргүзүү; 2) ишкананын, уюмдун жана мекеменин бухгалтериялык эсеп жүргүзүүчү бөлүмү.

Бухгалтерия ишкананын ондүруш каражаттарын сарптоону, кредитти, ишкананын сырьё, материал, техника менен жабдылышын, эмгек чыгымын, даяр продукция сатуудан тушкөн каражатты, аласа-бересени жана башкаларды эсептейт, ишкананын бухгалтериялык балансын, бухгалтериялык отчеттуулукту түзөт. Ар бир ишкананын Бухгалтериясы болот, ал эми цехтеринде, бөлүмдөрүндө бухгалтериялык эсептөө топтору иштейт.Өндүрүш планынын аткарылышына баа берүү жана өндүрүш резервин табуу, каражаттын туура пайдаланылышын, мекеме, ишкананын менчигинин түгөлдүгүн, финансы жана смета тартибинин сакталышын камсыз кылуу Бухгалтериянын негизги милдетине кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]