Бүткүл Орусиялык кинематография институту

Википедия дан
Бүткүл Орусиялык кинематография институту (2008)

Бүткүл Орусиялыкк кинематография институту – Орусиядагы кинонун ар түрдүү адистерин, чыгармачылык кызматкерлерин даярдоочу жогорку окуу жайы. Мурдагы аталышы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институту (ВГИК). 1919-ж. 1-сентябрда Москвада дүйнөдө биринчи болуп Мамлекеттик кино мектеби катары уюштурулган. 1922-ж. бул мектеп Жогорку типтеги мамлекеттик мастерскойго айландырылып, 1925-ж. Мамлекеттик кинематография техникуму деп аталат, 1930-жылдын 5-августунда Мамлекеттик кинематография институтуна кайра уюштурулган. 1934-жылдын 25-октябрынан тартып Бүткүл союздук кинематография институту аталат. 1992-жылдан азыркы аталышында. Институтта кинорежиссура, киноактёрдук чеберчилик, кинодраматургия, кинооператордук чеберчилик, фильмди монтаждоо, редакциялоо кинонун тарыхы менен теориясы, көркөм фильмдин чеберчилиги өңдүү сабактар өтүлөт. Андан тышкары, адабият менен искусствонун тарыхы боюнча курстар окулат. Институттун студенттери койгон фильмдер чоң экранда көрсөтүлүп, атүгүл Эл аралык кинофестивалдарда байгеге арзыган учурлар болгон. Институт кино боюнча атайын жыйнактарды чыгарат. Анын окутуучуларынын арасында азыркы Россиянын мыкты кино ишмерлери бар. Россиянын, КМШ өлкөлөрүнүн студияларынын чыгармачылык кызматкерлеринин курамынын негизин ушул институттун бүтүрүүчүлөрү түзөт. Кыргыздын чыгаан режиссёрлору, сценарийчилери, операторлору да (Мисалы, М. Убукеев, Т. Океев, Б. Шамшиев, К. Өмүркулов, К. Кыдыралиев, М. Мусаев, Д. Асанова, Г. Базаров жана башка) ушул окуу жайын бүтүрүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]