Бүткүл Союздук Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзу, ВЛКСМ

Википедия дан

Бүткүл Союздук Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзу, ВЛКСМ – СССРде жаштардын коомдук-саясий уюму. 1918-ж. 29-октябрда Бүткүл Россиялык жумушчу жана дыйкан жаштар союзунун 1-съездинде уюшулуп, алгач Россия коммунисттик жаштар союзу (РКСМ), 1924-жылдан Россия лениндик коммунисттик жаштар союзу (РЛКСМ), 1926-жылдан БСЛКЖС (ВЛКСМ) деп аталган жана КПССтин көзөмөлү астында иш жүргүзгөн. Жаштардын бул уюму Совет бийлигинин алгачкы жылдарында активдүүлүгүн көрсөтүп, граждандык согуш учурундагы каармандыгы үчүн 1928-ж. Кызыл Туу, өлкөнү индустриялаштырууга, коллективдештирүүгө кошкон салымы үчүн 1931-ж. Эмгек Кызыл Туу, 1945-ж. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында көрсөткөн эрдиги үчүн Ленин ордендери, согуштан кийин бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүүдө кошкон салымы үчүн 2-жолу Ленин ордени, 1968-ж. ВЛКСМдин 60-жылдык юбилейинде Октябрь Революциясы ордени менен сыйланган. ВЛКСМдин жаштар, пионерлер, балдар үчүн СССР элдеринин 22 тилинде 200дөн ашуун гезит-журналдары чыгып турган. Алардын пчинен «Комсомольская правда», «Ипонерская правда», «Ленинчил жаш» (Кыргызстанда) гезиттери, «Комсомольская жизнь», «Смена», «Мурзилка», «Пионер», «Жаш Ленинчи» (Кыргызстанда) журналдарды кеңири белгилүү болгон. 1991-ж. сентябрь айында өткөн ВЛКСМдин 22-съездинде СССРдин тарашына жана КПССтин иш-аракеттери токтогонуна байланыштуу бул уюмдун жаштардын коммунисттик федерациясы катары саясий маанисин жоготкондугу белгиленип, ишмердиги токтогон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]