Вакаяма

Википедия дан
Вакаяма.

Вакаяма - Япониядагы шаар. Вакаяма префектурасынын административдик борбору. Калкы 373,2 миң (2006). Кинокава дарыясынын чатында жайгашкан. Жолдор тоому. Кии кысыгынын чыгыш жээгиндеги порт. 16-кылымда негизделген. Сепил, университеттер, парк бар. Вакаяма ири өнөр жай борбору. Химиялык, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш, электроника, кара металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлүүчү аймактын борбору. Шаарга жакын Коя-сан храм комплекси сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]