Валенсия (Венесуэла)

Википедия дан

Валенсия - Венесуэланын Түндүк бөлүгүндөгү шаар, Карабобо штатынын административдик борбору. Калкы 1,42 млн (2006; агломерациясы менен 1,8 млн); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар. Валенсия көлүнүн батыш жээгине жакын жайгашкан. Пуэрто-Кабельо (Кариб деңизи) порту жана Каракас шаары менен темир жол аркылуу байланышат. Аэропорту бар. 1555-жылы негизделип, Валенсия провинциясынын атынан аталган. Архитектура эстеликтери: собор (1813-49), көпүрө (1819-19). Университет Борбордук китепканасы менен иштейт. Иштетүүчү өнөр жайдын Каракастан кийинки 2-борбору. Венесуэланын ири индустриялуу зонасына (Каракас Маракай В.) кирет. Өлкөдөгү автомобиль куруунун башкы борбору («Даймлер-Крайслер», «Форд мотор», «Женерал моторс», «Рено» компанияларынын филиалдары). Тамак-аш, жеңил (текстиль, булгаары-буткийим), химиялык, (фармацевтика), нефть-химиялык (жасалма каучук, резина-техникалык), цемент, айнек жана целлюлоза-кагаз өнөр жайлары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]