Василий Поленов

Википедия дан

Поленов Василий Дмитриевич [20. 5 (1. 6). 1844, Россия империясы, Петербург шаары – 18. 7. 1927, СССР, азыркы Тула облусу, Борок чарбагы, азыр Поленово] – орус живописчиси, Петербург сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1823). РСФСР эл сүрөтчүсү (1926). П. П. Чистяковдон таалим алып, Петербург сүрөт академиясынан (1863–71) окуган. 1870- жылдары Поленовдун чыгармаларында негизги орунду пейзаж ээлеген. A. К. Саврасов менен Ф. А. Васильевдин лирикалуу пейзаж салтын улантып, Поленов орус жаратылышынын бейпил поэзиясын, жөнөкөй көрүнүшүн тартып, колориттин пленэрдик таасирдүүлүгүнө жетишкен («Москвадагы чакан короо», 1878; «Чөп баскан авуз», 1879). Поленовдун пейзажга жанрдык, лирикалык-ассоциациялык негиз берип, этюдга өзүнчө чыгарма катары мамиле кылганы орус пейзаж живописинин өнүгүшүнө чон таасир тийгизген. 1880-жылдары Поленов инжил сюжеттерине кайрылган. 1910–18-жылдары Москвадагы элдик театрды уюштурууга катышкан. 1882–95-жылдары Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында сабак берген. Шакирттери: И. И. Левитан, К. А. Коровин, И. С. Остроухов, A. Е. Архипов ж. б. Поленов музыкалык чыгармаларды да жазган («Эллада элестери» операсы, романстар ж. б.). Тула облусундагы Поленово кыштагында Поленовдун музей-чарбагы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]