Великий Новгород

Википедия дан
Новгород.

Великий Новгород - Россиядагы шаар. Новгород облусунун административдик борбору. Калкы 219 миң (2005). Облустун батышында, Ильмен көлүнөн 6 км түндүктө жайгашкан. Волхов дарыясындагы пристань. Жолдор тоому, аэропорту бар.

Алгач 12-кылымдын башынан эскерилет. 1136-1498-ж. шаар Новгород Республикасынын борбору болгон. 14-кылымдын аягында Великий Новгоро деп аталган. 1708-27-ж. Новгород Санкт-Петербург губерниясынын курамына кирип, 1719-75-ж. провинциянын, 17271927-ж. Новгород губерниясынын, Түндүк-Батыш крайдын, райондун жана Ленинград облусунун (1927-44) борбору болгон. Улуу Ата Мекендик согушта толугу менен талкаланып, 1945-ж. указ менен калыбына келтирилген. 1999-жылдан азыркыдай аталат. Шаар орто кылымдагы кайталангыс археологиялык байыркы эстеликтери менен даңкталат. 2005-ж. шаардын аймагынан табылган 11-15-кылымга таандык береста (кайың кабыгы) грамотасы (956, анын ичинде 450дөн ашыгы 11-15-кылымга таандык) орус археологдорунун 20-кылымдагы ири табылгасы. 2000-ж. момдолгон жыгачка жазылган славяндардын эң байыркы окуу китеби (10-11-к.) табылган. Шаар тарыхый-архитектуралык музей-корук. Волхов дарыясынын оң жээгинде София собору (15-17-к.), епископ сарайы (1433), саат мунарасы (1673), «Россияга миң жыл» эстелиги (1862), чиркөөлөр (Нередицедеги Спас, Николо-Дворщенск, 1113-ж.чен; Успенье, Воскресенье ж. б.), монастырлар (Хутын, Сырков, Никольск, Клонск, Георгиевск Юрьев) бар. В. Н-дун тарыхый-маданий эстеликтери жана алардын айланасы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаар облустун ири өнөржай борбору. Түстүү металлургия, машина куруу («Сплав» корпорациясы АЭСтер жана куурлар үчүн арматура), химия («Акрон» заводу минералдык жер семирткичтер, айнек буласы заводу), жыгаччылык жана тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1993; 4 институту, айыл чарба жана жаратылыш байлыктары академиясын, 5 коллежди камтыйт), китепкана (1833), музейлер (анын ичинде «Витославицы» жыгач зодчийлиги, 1964; жыгач чиркөө, 16-18-к; желтегирмен ж. б.), театрлар (анын ичинде академиялык, «Малый» балдар жана жаштар үчүн) бар. 1992-жылдан «Жомок паашасы» театр, 2002-жылдан «Европа боюнча музыка сейили» фестивалдары жана эларалык ири шахмат турнирлери (1995, 1996, 1997) өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]