Венера ооруулары

Википедия дан

Венера оорулары (лат. veneris) — көбүнчө жыныс жолу менен жугуучу оорулардын тобу. Аларга котон жара, сүзөк, жумшак шанкр жана башка кирет.

Венера ооруларынын козгогучу 19-кылымдын аягына чейин табылган эмес. 1879-ж. немец венерологу А. Нейссер сүзөктүн, 1889-ж. Италия венерологу П. Ферради жумшак шанкрдын, 1905-ж. немец илимпоздору Ф. Шаудин менен Е. Гоффман котон жаранын козгогучун ачкан. Ушундан тартып Венера ооруларын диагностика, дарылоо жана алдын алуу жолдору иштелип чыккан. Венера ооруларынын дарылоодо антибиотиктердин ачылышы өзгөчө маанилүү болду.Бирок азыркы кездеги венерологиянын жетишкендиктерине жана бардык өлкөлөрдө Венера ооруларына каршы чаралар жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, бүгүнкү күнгө чейин бул оорулар бардык жерде таралып, маанилүү социалдык маселелердин бири болуп эсептелет.

Венера ошондой оорулууга абдан зыян келтирип, тукумга таасир этет, себеби котон жара менен сүзөк туура эмес дарылоодон өнөкөт түргө айланып, көп убакытка оорулууну эмгекке жараксыз кылып, көп учурда майыптыкка алып келет. Венера ооруларын өзүн өзү дарылоо же атайын медициналык билими жок кишиге жардамга кайрылуу жарабайт. Сүзөктү дарылабай же чала дарылаганда аялдардын көп оорулары пайда болуп, аял менен эркек тукумсуз болуп калат. Котон жара укумдан-тукумга берилип, тубаса кемтиктердин пайда болушуна себеп болот. Андан сокур (сүзөк) же тубаса дүлөй-дудук (котон жара) болушу мүмкүн. Дарылабаган котон жара борбордук нерв системасынын оор бузулууларына алып келет.

Азыркы медицинанын жетишкендиктери өз убактысында врачка кайрылып жана тиешелүү режимди сактагандар үчүн мындай оорудан айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Оорунун таралышына негизинен туш келди жыныстык катнашуу себепкер. Эксплуатацияга, социалдык-экономикалык теңсиздикке негизделген коомдо Венера ошондой көп учурайт. Бир жактан ага калктын көпчүлүгүнүн оор экономикалык абалы, жумушсуздук, эркектердин экономикалык жактан камсыз болбогондугунан келип чыккан кеч үйлөнүү түрткү болот. Ошондой эле

капиталисттик коомдун бай бөлүгүндө турмуш шарттын өтө жетиштүүлүгү, уят-сыйытсыз фильм менен адабияттын кеңири таралгандыгы тартиби начар жаштардын арасында жыныстык жактан бузулууга алып келет.

Социалисттик коомдо эмгекчилердин жыргалчылыгынын уламдан-улам өскөндүгүнөн адептүүлүк деңгээли жогорулап, жеке граждандардын антисоциалдык иштерине жол бербөөгө шарт түзүлөт. Бирок, Венера ооруларынын пайда болушу жана таралышы үчүн социалдык шарты болбосо да, жалпы кабыл алынган моралдык-этикалык тартипти бузган жеке адамдар коомдо кездешет.

Жаштардын жыныстык турмушка болгон мамилесинин туура калыптанышында ата-эне, жолдоштор чоң роль ойнойт. Көпчүлүк учурда Венера ошондой ата-энесинин аягы суюк, балдарын тарбиялоого көңүл бурбаган же аракеч үй-бүлөдөн чыккан жаштарда кездешет. Ошондой эле эрте жана туш келди жыныс катнашуудан пайда болгон Венера ошондой акцелерация менен байланыштуу.

Тарбия системасы, туура түзүлгөн моралдык-этикалык тартип, жаштарды коомдук пайдалуу иштерге активдүү катыштыруу, физкультура менен спортту, көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, ошондой эле аракечтик, коммунисттик мораль менен туура келбеген антисоциалдык көз караш, жыныстык жактан бузулууга каршы күрөшүү Венера ооруларын алдын алууда негизги ролду ойнойт. Ошондой эле өздүк гигиенаны сактоо, өз эркин башкара билүү жакшы натыйжа берет. Үй-бүлөнү чыңдоо, үй-бүлөдөгү тарбияга көңүл буруу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]