Виндзорлор династиясы

Википедия дан

Виндзорлор династиясы – 1901-жылдан такка келген англиялык королдор династиясы (тектүү немецтик Кобург тукумунан тараган, ошондуктан 1901-жылдан Саксен-Кобург-Гот, 1917-жылдан В. д. аталган). Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда антигермандык маанай күчтүү болгондуктан, королева Виктория менен немис принци Альберт Саксен-Кобург-Готскийдин никелешүүсүнө байланышкан немистик титулдарын король Георг V алып салууну чечкен. Виндзорлор династиясы аталышы узак убакыт бою британдык монархтардын резиденциясы болуп келген Беркширдеги Виндзор сепилинин атынан аталган. Өкүлдөрү: Эдуард VII, Георг V, Эдуард VIII, Георг VI. Учурда башкарып жаткан королева Елизавета II (1952-ж. такка отурган) Виндзорлор династиясынын акыркы өкүлү болуп саналат, анын уулдарынын биринин такка келиши менен жаңы династиянын башкаруусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]