Витамин В1

Википедия дан
тиамин.

Витамин В1, тиамин - сууда эрүүчү гетероциклдик бирикме: пиримидин менен тиазомдун туундусу. Антиневриттик таасир берет. В. В1 организмде углеводдун кычкылдануусун катализдөөгө катышат.

Ачыткы, боор, бөйрөк, мээ, жүрөк булчуңу, түрлүү тоюттар (дан өсүмдүктөрү, ири тартылган ун, улпак, буурчак, сүт, балык уну ж. б.) бул витаминдин булагы. В. В1 жетишпегенде шал оорусу (полиневриттер), тарамыштын карышуусу байкалат, ошондой эле куштардын жүнү үрпөйүп, алы кетет, баш чалкалатып, ичи өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4