Вице-президент

Википедия дан

Вице-президент – 1) айрым өлкөлөрдө (АКШ, Латын Америкасындагы мамлекеттерде) мамлекет башчысынын орун басары, адатта президент менен бир мезгилде шайланат. Кыргыз Республикасында 1992-ж. Вице-президенттик кызмат киргизилип, жаңы Конституция кабыл алынган соң жоюлган (1993). 2) Айрым илимий жана коомдук уюмдардагы шайланма кызмат орду (Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Вице-президенти ж. б.); эл аралык жана улуттук уюмдардын, компаниялардын президентинин орунбасары дагы Вице-президент болуп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]