Владимир Власов

Википедия дан

Власов Владимир Александрович [25 (7). 12 (1). 1902 (03), Россия империясы, Москва шаары – 7. 9. 1986, СССР, ошол эле жер] композитор, кыргыздын профессионалдык музыкасын түзүүчүлңрдүн бири, Кыргыз ССР эл артисти (1946), РСФСРдин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1947), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). П. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын скрипка классын бүтүргөн (1928). Москванын музыкалык окуу жайларында музыка теориясы жана скрипкада ойноо боюнча сабак берген. 1926–36-жылдары МХАТта дирижёр болуп иштеп, Кыргызстанга 1936-ж. келген. 1936-42-жылдары Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси, 1943-49-жылдары Москва мамлекеттик филармониясынын директору жана көркөм жетекчиси болуп иштеген. 1932-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү. Композиторлор А. Малдыбаев, В. Фере менен бирге «Манас», «Токтогул», «Көл боюнда», «Патриоттор», «Эл уулу», В. Фере менен «Михаил Фрунзе», «Айчүрөк» операларын, «Алтын кыз», «Ажал ордуна» (А. Малдыбаев, В. Фере менен бирге) музыкалык драмаларын, «Анар», «Селкинчек» (экөө тең В. Фере менен), «Шурале», «Ала-Тоодогу жаз», «Асел» ж. б. балеттерин жазган. «Токтогул» симфониялык поэмасын (1958), «Румын рапсодиясын» (1955), «Майрамдык увертюраны» (1957), «Акын Ленинди ырдайт» (1957) кантатасын, «Үч булбулдар кайдасыңар» (А. Малдыбаев менен бирге), «Бакыт», «Бир тууган айылда» деген ораторияларды, «Бакыт жөнүндө баян», «Колхоздогу той», «Кош, Гүлсары», «Менин Кыргызстаным» аттуу ода-кантаталарды (А. Малдыбаев, В. Фере менен бирге), көптөгөн камералык-аспаптык чыгармаларды, ырларды, романстарды, хорлорду жазган. Ал кыргыз элинин профессионалдык музыкасынын түптөлүшүнө, калыптанышына, өсүшүнө өзгөчө салым кошкон. В. А. Власов эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]