Воркшоп

Википедия дан

Воркшоп – (англ. Workshop - кырг. Иш устаканасы) ушул эле түшүнүктөгү сөздүн дагы бири Француз тилинен келип чыккан.(Ателье - фр. atelier) - Устакана). үйрөтүү үчүн атайын өткөрүлгөн иш-чара. Башкача айтканда, тренинг, семинардын бир түрү. Англис тилинен сөзмө-сөз которсок, «иш устаканасы» деп которулат. Башкалардан өзгөчөлүгү – мында топто иштөөгө басым жасалып, андагы ар бир катышуучунун өз алдынча активдүү болуусу, тажрыйбасы менен бөлүшүүсү керектелет. Мындай иш-чаралар көбүнчө ири ишкана, бизнес компаниялардын кызматкерлерине өткөрүлөт. Воркшоптун алып баруучусу катышуучуларга иштин максатын, чоо-жайын түшүндүрүп берет. Мисалы, компания оор кырдаалга туш келди деген тапшырманы койсо, воркшоптун катышуучулары бул жагдайдан кантип чыгуу керектигин чечүүсү керек. Убактысы бир канча сааттан бир аптага чейин болуусу мүмкүн