Гeном

Википедия дан

Гeном, (нем. Genom) - айрым түрдүн гаплоиддик хромосомасына мүнөздүү ген жыйындысы. «Геном» терминин 1920-ж. немис окумуштуусу геном Винклер киргизген. Особдорду мүнөздөөчү генотиптен айырмаланып, геном түрдүн мүнөзүн көрсөтөт. Алыскы түрлөрдү аргындаштырууда, ар түрдүү Геномдук организмдерди аллополиплоиддерди, мисалы, буудай менен буудайык гибридин алууга болот. Түрдүү геномдук өсүмдүктөр кээде табиятта да кездешет. Түрлөрдүн геномунун санын жана окшоштугун аныктоо үчүн атайын ыкма геномдук анализ колдонулат. Диплоиддүү организмде геном генетикалык анализдөөнүн бөлүнүүчү бирдиги, анткени нормалдуу гамета бирден геном алып жүрөт. Аны организмдин өнүгүүсүндө функциялык бирдик катары да кароого болот, анткени кээ бир организмдер (өзгөчө өсүмдүктөр) бир геномду алып жүргөн гаплоидден өнүгөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]