Галлий

Википедия дан
Галлий.

Галлий (лат. Gallium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIIА группа элементи, к.н. 31, ат. м. 62,73; 2 изотобу бар: 69Ga жана 71Ga. Бул элемент орус химиги Д.И.Менделеев тарабынан алдын ала айтылган элементтин бири (1870-ж. «экаалюминий» деп атаган), 1875-ж. Лэкок-де-Буабодран спектрдик анализ аркылуу бөлүп алган. Жер кыртышында м. б-ча 1,510-3 % түзөт. Негизги минералы болуп галлит эсептелет (CuGaS2). Г. көгүш түстүү ак металл, эрүү темп-расы 29,75оС, кайноо темп-расы 2400оС, тыгызд. 5,90 г/см3. Окистенүү даражасы +2, +3. Хим. касиети б-ча алюминийге өтө окшош. Cl2, Br2, I2, концент. щелочтор эритмеси менен реакцияга кирип, тиешелүү бирикмелерди берет, 2850С абада окистенет (жогорку оксиди GaO3), HNO3, H2SO4 к-талары, «падыша арагы», суунун буусу менен аракеттенет. Г. туздарынын суудагы эритмелеринде амфотердик мүнөзгө ээ болгон гидроксиди Ga(OH)3 пайда болот. Г. бирикмелери уулуу эмес. Анын алтын жана күмүш менен болгон куймасы белгилүү. Г. бокситтен бөлүнүп алынат. Г. оптикалык күзгүлөрдү,, жогорку темп-ралык термометрлерге жарым өткөргүчтөрдү даярдоодо колдонулат. Г. деп Франциянын байыркы аты менен атоону Лекок де Буабодран сунуш кылып, өзүнүн мамлекетинин урматына атаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]