Галька

Википедия дан
Галька.

Галька - сайташ тоо тектердин жана минералдардын суу агымы же деңиз толкуну менен жумуруланган 1-10 см өлчөмдөгү сыныктары. Көлөмү боюнча 3кө бөлүнөт: майда (1-2,5 см), орточо (2,5-5 см) жана чоң (5-10 см). Формалары ар түрдүү. Дарыя өрөөндөрүндө, тоо этектеринде, деңиз жээктеринде көп. Галькалардын бир жерге жыйылганы галечник, камдашканы конгломерат. Жол куруу иштеринде кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]