Геликоид

Википедия дан

Геликоид (гр. helikos — спираль жанa eidos — тур) — бурама түрүндөгү беттин бир формасы.

Анын түзүүчүсү дайыма түз сызык болот. Геликоид түз сызыгы ошол сызык менен бир тегиздикте жаткан Z огунун айланасында айланганда, о. эле Z огунун багыты боюнча бир калыпта жанa алга жылуу кыймылында болгондо гана Геликоид пайда болот. Эгерде түзүүчү түз сызык I огуна тик болсо, анда түз Геликоид, ал эми тик болбосо, кыйгач Геликоид деп аталат


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.