Ген

Википедия дан
ДНК транскрипциясынын схемасы.

Ген — тукум куума фактор, тукум куугучтуктун бирдиги. Ал кандайдыр бир эң жөнөкөй белгинин калыптанышында башкы милдетти аткарып, татаал түзүлүштөгү организмдерде хромосомалардын курамына кирет. Жыныстык көбөйүүдө тубаса белгилердин кийинки бир нече муундарга өзгөрбөй берилишинин тукум куугучтук мыйзам ченемин 1865-ж. чех окумуштуусу Г. Мендель ачкан. 1909-ж. дания илимпозу В. Иогансен аны ген деп атаган. 1910— 13-ж. америкалык биолог Т. Морган жана анын окуучулары тукум куугучтуктун хромосомалык теориясын иштеп чыккан. Ошондон кийин гендердин хромосомада бир-бири менен чырмалышып жайгашып, чогуу бойдон укумдантукумга бериле тургандыгы, ошондой эле гендин химиялык түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр өзгөрүчтүккө алып келери да аныкталган. 1944-ж. америкалык илимпоздор жана 1953-ж. Ф. Крик менен Ж. Уотсон ДНКнын түзүлүшү менен касиеттерин изилдегенден кийин гана укумдан-тукумга берилүүчү тукум куума зат белок эмес, ДНК — дезоксирибонуклеин кычкылтыгы болуп, анын молекуласынын бөлүгүндө ген болору толук аныкталган.

ДНКнын молекуласы бир-бири менен дал келишип, спиралдай буралышкан эки тизмек нуклеотиддерден — айрым бөлүктөрдөн турат. ДНКнын молекуласынын бөлүктөрү — нуклеотиддер чечмеленет. ДНКдагы ар аминокычкылдыкка ырааттуу жайгашкан үч нуклеотид (триплет же кодон деп аталган) туур келет. Ар бир ген башкалардан нуклеотиддердин ошол генге гана тиешелү ырааттуу жайгашуусу менен айырма ланат. Бул тукум куума касиеттерди өзгөрүшүнүн молекулалык негизи түшүнүүгө жардам берди. Мындай өзгөрүүлөр табигый шартта өтө сейрек жүрсө, организмдин нурга чалдыгышынан же химиялык бирикмелердин таасиринен ондогон же жүздөгөн эсе көбөйөт. Тукум куума белгилер укумдан-тукумга сакталышы үчүн гендеги нуклеотиддердин ырааттуулугу өзгөрүлбөөгө тийиш. Нуклеотиддердин бирөөнү эле алмаштыруу (өзгөртүү) тукум куума оорунун пайда болушуна шарт түзөт (Тукум куума оорулар).

1969-ж. окумуштуулар тобу ичеги таякчасынан таза ген бөлүп алып, сүрөткө тартып алышкан. 1967—70 жылдары Г. Корана 1-жолу генди химиялык синтез жолу менен алган. Буга окшогон изилдөөлөр келечекте жеке генди бөлүп чыгаруу жана аны тукум куума ооруларды жоготуу максатында колдонууга мүмкүн экендигин айгинелейт. Генди көп алып жүрүүчү ДНКнын молекулаларын жасалма жол менен көбөйтүү да изилденүүдө. Жасалма гендер ген инженериясындагы тажрыйбаларда колдонулушу мүмкүн.

Мурда генетиктер ар бир ген өзүнчө белгилүү касиетти башкарат. Гендин касиети тышкы таасирлерге, хромосоманын кайсы жеринде орун алгандыгына көз каранды эмес дешкен. Азыркы кездеги генетика бардык тирүү организмдерде ген болуп, ал организмдин морфологиялык касиеттерин, физиологиялык жана биохимиялык реакцияларды башкарары далилденди. Тукум куума маалыматты чечмелөө ачылгандан кийин жеке генди бөлүү жана жасалма алуу боюнча изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Организмдин өөрчүшүндө гендердин ишин бузуучу тышкы чөйрөнүн, анын ичинде көп дарылардын (антибиотиктер, гормондор, сульфаниламиддер жана башка) таасири изилденген. Ал көп ооруларды дарылоодо эффективдүү ыкмаларды иштеп чыгууга түрткү болуп, өз алдынча дарыланууга жол бербөөчү негизги фактор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8