Гибриддик орбиталдар

Википедия дан

Гибриддик орбиталдар – эки же андан көп жөнөкөй орбиталдар ар кандай катыштагы «аралашмалары» катары каралган атомдук орбиталдар. Г.о. абдан кеңири тараган типтерине sp-, sp2-, sp3-орбиталдар киришет. Г.о. айрым атомдор эмес мол-лардагы атомго гана мүнөздүү, аларда электрондук тыгыздык ядрого салыштырмалуу симметриялуу эмес бөлүнөт: мол-нын алдыңкы бөлүгүндө электрон тыгыздык үлүшү чоң болуп (ал хим. байланышты пайда кылуу үчүн маанилүү), ал эми арткы бөлүгүндө аз болот. Башка атомдор орбиталдары менен чоң үлүштүн эсебинен, башкача айтканда электрон тыгыздыгы көп топтолгон багытта жабылышат. Г.о. мейкиндикте белгилүү багытка ээ болушуп, башка атомдор орбиталдары менен s- жана p-орбиталдарга караганда эффективдүү жабылышат. Г.о. катышуусу менен пайда болгон байланыштар өтө бекем болушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]