Гидродинамикалык каршылык

Википедия дан

Гидродинамикалык каршылык — суюктук ичинде кыймылда болгон нерсеге ошол суюктуктун же канал, түтүк жана башкалардын беттеринин суюктук кыймылына жасаган каршылыгы.

Кыймылсыз нерсени суюктук же газдын агымы айланып агып өтсө же, тескерисинче, кыймылсыз суюктукта нерсе кыймылда болсо, анда нерсеге аракет этүүчү бардык күчтөрдүн башкы векторунун кыймыл багытына карай түшүрүлгөн проекциясы Гидродинамикалык каршылыктын чоңдугун берет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.