Гиннестин рекорддор китеби

Википедия дан

Гиннестин Рекорддор китебинин тарыхы
1759-жылы Ирландиянын борбору Дублин шаарында Артур Гиннес деген адам пиво чыгаруучу ишкана ачат. 1833- жылдан тартып бул ишкана Ирландиядагы ири пиво чыгаруучу жайга айланат. Ал эми 1930- жылы А. Гиннес Улуу Британиядагы эки пивзаводдун ээси болгон. “Гиннес” пивзаводунун өнүгүшүнүн себеби, Гиннес компаниясынын жетекчилиги рекламага көп көңүл бурушкан.
1951- жылы “Воксфорд” компаниясы тарабынан жергиликтүү аңчыларга арналган кечки тамакта “Гиннес” компаниясынын директору сэр Хью Бивер коноктордун бири менен Европадагы эң тез учкан куш “Золотая ржанка” деп талашат. Буга туура жоопту бир дагы справочник бере албайт. Бул талаш үч жылдан соң кайра кайталанат: “Золотая ржанкабы же шотланд кекилигиби?”. Ошондо сэр Хьюнун оюна “Гиннес” компаниясы тарабынан өзгөчөлөнгөн булак-справочник чыгарылып, ага кызыктуу жана өтө сейрек маалыматтарды киргизүү керек деген ой туулат.
Ошентип, “Гиннес” соода маркасы 1955- жылы 27- августта 198 беттен турган биринчи китепти басмадан чыгарат. Ага илимий далилдер менен эксперттердин күбөлөрү менен таанылган материалдар киргизилген. Бүгүнкү күндө “Гиннестин” рекорддор китеби дүйнөнүн 40 өлкөсүндө англис тилинде жарыкка чыгат, ошондой эле 37 тилге которулат. 2000-жылы “Гиннестин рекорддор китеби” расмий түрдө “Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китеби” деп аталган.

Эң көп балалуу ата[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эң көп балалуу болгон аталардын бири 18- кылымда жашаган россиялык Яков Кириллов болгон. Ал Веденский кыштагында жашаган карапайым дыйкан. Я. Кирилловдун биринчи аялынан 57 баласы болгон: аялы 4 жолу төрттөн эгиз төрөгөн, 7 жолу үч эгиз, 9 жолу эки эгиз, 2 жолу бирден төрөгөн. Анын эки аялынан биригип 72 баласы болуптур. Бул маалымат падышалык сарайдын иш кагаздарында сакталып калган.

Эң жаш чылым чеккич[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009- жылдын июнунда Кытайда эң жаш чылым чеккен адам катталган. Ал Лян Лян деген бала, болгону эки жарым жашта. Бул туурасында Кытайдын эл аралык радиосу билдирген. Тяньцзинь мегаполисинде жашаган наристе, бир жыл мурун тамеки чегүүнү баштаган. Анын тамеки тартышына ата-энеси себепкер болгон. Ал төрөлгөнүнөн эле грыжа болгонуна байланыштуу дарыгерлер ага операция кылууга эрте экенин билдиришкен. Бала оорудан кыйналгандыгы үчүн, атасы ага тамеки чектире баштаган. Лян Лян күнүнө бир пачка тамеки чегет. Кытайда кош бойлуу аялдардын жанында тамеки чегүүгө тыюу салынган. Кытайда ар бир мүнөттө эки адам тамекиден өлүмгө дуушар болот.

Биринчи ксерекс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Владимир Михайлович Фридкин Москва мамлекеттик университетин 1953- жылы аяктап, ушул эле жылы ксерексти ойлоп тапкан жана ксерографиянын теориясын андан ары өнүктүргөн. Ксерография – таза физикалык кубулуштарга таянган фотографиялык процесс. Бүгүнкү күндө ксерекс жок бир да мекемени элестетүүгө болбойт. Ф.М. Фридкин физика- математика илимдеринин доктору, профессор, эл аралык сыйлыктардын ээси.

Колдонулган адабият:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Нур Эл” гезити, №7 2010.11.03