Гипс

Википедия дан
Гипс.

Гипс, CaSO42H2O – таза түрүндө түссүз, тунук минерал. Курамында ар кандай аралашмалар болсо боз, саргыч, күрөң жана башка түстөргө ээ болот. 170оС чейин ысытканда суусун толук жоготпостон алебастрга айланат. Алебастр суу менен аралаштырганда тез эле катып, гипске айланат. Г. алебастр түрүндө курулуш иштеринде, Г. бетонун, боёкторду, эмальдарды даярдоодо, медицинада, оптикада колдонулат. Жаратылышта селенит түрүндө (жип сыяктуу масса) кездешет. Ал ар кандай буюмдарды жасоо үчүн баалуу материал болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]