Глазурь

Википедия дан

Глазурь (немисче glasur) – керамика буюмдарын жасоо процессинде алардын эң үстүнө жалатылган жука айнек сымал катмар. Көркөм керамика технологиясында колдонулат. Г-дун башкы милдети буюмдун бекемдигин күчөтүү менен анын жасалгалык касиеттерин арттыруу болуп саналат. Г. түстүү жана түссүз, тунук жана жалатылма күңүрт, опактык, жылтырак жана киргилт болуп бөлүнөт. Айрыкча кайра калыбына келтирүүчү (аны көмүртек жалынында кычкылтектин жетишсиздиги менен күйгүзүп алуу жолу аркылуу алышат) ар кандай түстөргө бай. Көлөкө түшүрүүчү Г. бир аз гравюраланган же рельефтик бетке түшүрүлөт; анын милдети – катмарынын калыңдыгы менен айырмаланган тиги же бул сүрөттү дал өзүндөй сактап калуу (натыйжада түрдүн коюулугу да сакталууда). Майда бүртүкчө болуп түшүүчү кристалл Г. айнектеги аяз оюуларына окшош өзгөчө сүрөттөрү менен айырмаланат. Өзгөчө бөлүм­дү «туздуу» деп аталган Г. түзөт. Аны чоподон жасалган бир нерсенин үстүңкү бетин кайнатылган туздун буусуна кармоонун натыйжасында алышат. Туздуу Г. жука күңүрт жылтыроосу менен айырмаланат жана скульптуранын үстүңкү бетинин эң майда деталдарына чейин сактап турушат. Г-га кычкылдандыруучу затты кошкондо, ал өзүнүн тунуктугун жоготуп, ак болуп калат, бул учурда ал эмаль деп аталат. Ошондой эле, к. Кракле макаласын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]