Графика

Википедия дан

Графика (гр. graphika, grapho — жазуу, чийүү, сүрөт тартуу) — сүрөт өнөрүнүн түрү. Буга сүрөт, гравюра, литография, монография жана башкалар кирет. Негизи сүрөт болгону менен, өзүнө таандык көркөм каражаттары, мүмкүнчүлүктөрү бар. Г. өнөрү китеп, газета-журнал (иллюстрация, басма чыгармаларынын жасалгаланышы жана түзүлүшү), колдонмо (ө. ж. Г., почта маркалары, экслибристер), станоктук графика (эстамп, лубок), плакат жанрларына бөлүнөт. «Манас» үчилтигине карата чыгарылган китептердин ичинен Г. менен Саякбай Каралаевдин варианты нын «Манас» 1-(1984), 2-(1986) жана «Семетей» 1-(1987), 2-(1989) китептерин Т. Курманов; Сагымбай Орозбаковдун вариантынын «Манас» 1-(1978), 2-(1980), 3-(1981), 4-(1982) китептерин Т. Т. Герцен көркөмдөгөн. ''Манас'' эпосуна тийиштүү Г-лык сүрөттөр жөнүндө кеңири маалымат алуу үчүн к. Сүрөт өнөрү жана «Манас» макаласын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4