Грек-Бактрия падышалыгы

Википедия дан
Грек-Бактрия падышалыгы.

Грек-Бактрия падышалыгыОрто Азияда биздин заманга чейинки 3–2-кылымда өкүм сүргөн кул ээлөөчүлүк мамлекет. Адегенде анын курамына Бактрия, Согд, Маргиана жана Фергананын кээ бир бөлүктөрү кирген. Биздин заманга чейинки 250-жылы Селевкилер мамлекетинен Орто Азия аймагы бөлүнө баштаган.

Грек-Батрия падышалыгын Бактриянын падышасы Диодот негиздеген. Грек-Бактрия падышалыгынын бийлик ээлери өз көз карандысыздыгы үчүн селевкилер менен катуу салгылашкан. Евтидемдин жана анын баласы Деметрийдин бийлигинде Грек-Бактрия падышалыгы зор кудуретке жетип, биздин заманга чейинки 2–кылымда анын курамына азыркылардын Ооганстандын түндүк-чыгышы жана Пакистандын түндүк-батышы кирет.

Биздин заманга чейинки 195-жылы Грек-Бактрия падышалыгы экиге бөлүнөт: Грек-Бактрия жана Грек-Индия. Кыргызстандын аймагы Грек-Бактрия падышалыгынын курамында болот. Орто Азия элдеринин улуттук боштондук кыймылы күчөп, ошол эле мезгилде Грек-Бактрия падышалыгына түндүк-чыгыштан юэчжи көчмөн уруулары басып киришет. Биздин заманга чейинки 140–130-жылдары Грек-Бактрия падышалыгы кулап, анын ордуна Кушан падышачылыгы пайда болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...