Грумм-Гржимайло, Григорий Ефимович

Википедия дан
Григорий Грумм-Гржимайло.

Грумм-Гржимайло, Григорий Ефимович (1860, Петербург–1936, Ленинград) – орус саякатчысы жана географы, Орто жана Борбордук Азияны изилдөөчү.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1884-ж. Петербург университетин бүтүргөн. 1884–87-ж. Алайга, Памирге, Теңир-Тоого, Кашкарга, Каракорумга саякат жасаган. 1889–90-ж. Борб. Азияга жасалган экспедицияны жетектеп, 3 томдон турган «Описание путешествия в Западный Китай» (1896–1907-ж. жарык көргөн) деген эмгегин жазган. Анда изилдеген облустарга тарыхый-этнографиялык мүнөздөмө берген. Экспедициянын мезгилинде Бэйшань тоолуу аймагын тапкан жана Турпан ойдуңун изилдеген. 1903–14-ж. Батыш Моңголияда жана Тувада болуп, 1914–40-ж. «Батыш Моңголия Уранхай крайы» деген 2 том эмгегин жазган.

Бул эмгегинде Борбордук Азиянын тарыхын системалаштырган, моңголдордун түрк жана башка калктар менен тарыхый байланыштары чагылдырылган. 1934-ж. «Кыргыздар» деген макаласы жарыяланган. Грумм-Гржимайлоо енисей кыргыздары Теңир-Тоого 9-кылымдын ортосунда келген, ал эми 13-кылымда Теңир-Тоого Түштүк Сибирден буруттар келип, кыргыздар менен жуурулушуп кеткен деп эсептейт. Грумм-Гржимайлоонун ысымы Сихотэ-Алиндеги ашууга, Памирдеги өзү ачкан мөңгүлөрдүн бирине, Богдо-Ула массивиндеги мөңгүгө берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]