Дан куурай

Википедия дан
Дан куурай.

Дан куурай (лат. Rubus idaeus, L., 1753) — роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк. Бийиктиги 1–3 м. Тамыры көп жылдык, сабагы бир жана эки жылдык. Жалбырагы канат сымал, үчтөн жайгашат. Гүлү кош жыныстуу, өңү ак, топ гүл. Мөмөсү кызыл, сары жана кочкул кызыл. Дан куурайдын 120дай түрү бар. Азия, Америка жана Европанын субтропик бөлүгүндө өсөт. Жапайы түрү Кыргызстандын Ош, Нарын облусунда, Чүй, Ысык-Көл өрөөнүнүн капчыгайларында өсөт. Эгилме түрү ысыкка чыдамсыз, нымчыл келет. Мөмөсү даамдуу, ширелүү жемиш, күлгүн кызыл, жыттуу. Жылына эки жолу түшүм берчү сорттору бар. Жемишинен кыям, компот, шире даярдалат. Мөмөсүндө антибиотик бар. Дарылыкка колдонулат. Курамында 5,7–11,5% кант, 1–2% орг. к-та, 9,1–44 мг "С" витамини жана жыттуу заттар бар. 1 га жерден 10 тдай түшүм алынат. Кыргызстанда Барнаул, Кузьмин, Мальборо, Калининград, Совет, Висхуна жана башка сорттору эгилет. Илдеттери:антракноз, өсүмдүк даты, бозчирик, жалбырак бүрүшү. Зыянкечтери: дан куурай коңузу, дан куурай, кожогат шиш тумшугу.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Культура малины. Краснодар. 1982; Каза ков И. В. и др. Малина. М. 1982.