Дарбазачы (футбол)

Википедия дан

Дарбазачы (голкипер, goalkeeper деген англис сөзүнөн) — футболдо дарбазаны сактаган оюнчу. Дарбазачынын негизги максаты - каршылаш команданын оюнчуларына гол киргизбей, дарбазаны сактоо. Көбүнчө дарбазадан алыс эмес жерде, дарбазачынын сызыгынан ашпай ойнойт.

Джан Луиджи Буффон Италия - Англия беттешинде дарбазага урулган топту тосууда

Кол менен ойноо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарбазачы башка оюнчулардан айырмаланып, өзүнүн чийилген талаасында колу менен топту кармап, тосуп, башкаларга колу менен ыргытып пас бере алат. Ал эми ал зонадан сырткары чыкса, кадимки оюнчулардай эле топту кармабайт, кармаса же колуна тийип кала турган болсо, эреже бузулган болот.

Экипировкасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарбазачынын формасы башка оюнчулардан айырмаланып, башка өңдө болот, жана көбүнчө дарбазачылар 1 деген же 13 деген номерди алышат. Колуна кол кап(перчатки) кийишет, ал топту кармаганга ылайыкталган жана соккунун күчүн азайтуу, манжалардын чыгып кетишинен сактоо ж.б. касиеттерге ээ. Футболдо кол капсыз деле ойносо болот, бирок бардык дарбазачылар коопсуздук үчүн кийишет. Биринчи жолу кол кап кийген дарбазачы болуп аргентиналык Амадео Кариссо болгон.

Дарбазачыны алмаштыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда дарбазычыны алмаштырууга болот. Командалык резерв боюнча 3 дарбазачы болот. Бирок дарбазачы жаракат алып калганда же эреже бузуп, талаадан кеткенде калыска билдиргенден кийин катардагы оюнчу деле дарбазачынын ролун аткара алат. Катардагы оюнчу пенальтини да тоскон учурлар болгон.