Диаш Бартоломеу

Википедия дан

Диаш, Бартоломеу (Dias de Novaes, 1450-жыл чен – 29. 5. 1500) – португалиялык деңиз сүзүүчүсү. Диаш1487–88-ж. Индияга деңиз жолун табуу үчүн чыккан экспедицияны жетектеген. Анда Ыйык Крест тумшугунан түштүгүрөөктө жаңы жерди издешкен. Алгачкылардан болуп Африканын Түштүк учуна жетип, Алгоа бухтасы аркылуу өткөн, бирок командасынын талабы боюнча артка кайтууга аргасыз болгон. Кайтып келатып, Илгери Үмүт тумшугун ачкан. Африка жээгинин ачык аймактарын сүрөттөп жазып, картага түшүргөн. Индияга жана Инди океанына жаңы жол ачкандыгын туура айткан. 1500-ж. А. Кабралдын соода экспедициясына катышкан. Индияга бараткан жолунда катуу толкунга туш болуп, Илгери Үмүт тумшугунун жанында каза болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1